• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, Ооган ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасында апаатта курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан сырткары, студенттер тарабынан эскерүү ырлары айтылды.

Эске салсак, Ооганстандагы согушка Жалал-Абад шаарынан 100дөн ашуун жоокер аттанып, алардын экөө согуш талаасында курман болгон. Учурда калаада 82 ардагер бар. Аларга республикалык бюджеттен ай сайын 6 миң сомдон берилет. Ал эми шаар казынасынан жылына бир ирет 2 миң сомдон бөлүнөт.

Быйыл Советтик аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгына 32 жыл болду.

Пикир

Оставить комментарий