• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда оор жүк ташуучу унаа кулап, жолду бөгөп калган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Жалал-Абадда оор жүк ташуучу унаа кулап, жолду бөгөп калган, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 408-чакырымындагы "Беке-Чал" тилкесинде "ДАФ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай кулаган. Натыйжада унаа жолду жаап, жол тыгынын жараткан.

Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган, учурда абалдары туруктуу.

"Ал эми кырдаалды жөнгө салууга Кара-Көл шаардык № 94 ӨККБнүн 3 куткаруучу 12:45 те жерине барып, ыкчам чара колдоону менен жеке менчик 1 автокран тартылып, оодарылган унаа жол четине чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда эки тараптуу жол ачык.

Пикир

Оставить комментарий