• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда оорукананын жаңы имаратына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына кошумча имарат салынууда. Жүз орунга ылайыкташкан жаңы заманбап оорукананын курулушуна капсула салынды, - деп билдирет Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышкан.

Аталган оорукананын курулушуна республикалык бюджеттен 77 млн. сом акча каражаты каралган. Мындагы жумуш ишин "Алым-Ата" ЖЧКсы жүргүзөт. Эки кабаттуу имараттын курулушун 2020-жылдын күз мезгилине бүткөрүү пландалган.

Эске салсак, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына өткөн жылы жаңы күйүк жана жараттарды дарылоо борбору ачылган.

Пикир

Оставить комментарий