• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда опузалап акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Жалал-Абадда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү А.Р.Б. 120 миң сом өлчөмүндө опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунун 2 млн 900 миң сом берүүгө милдеттендирген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүгө карата Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 12-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий