• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда парктын жерин жеке менчикке сатып салган аткаминерлерге иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Жалал-Абадда аткаминерлер парктын жерин жеке менчикке сатып салышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында Жалал-Абад шаардык кеңешинин, шаардык мэриянын, Жалал-Абад аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп алып, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан парк зонасынын 11,2 гектар жер аянтын мыйзамсыз жеке менчикке сатышкан. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 259 млн 41 миң 90 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий