• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругуна ылайык, базарларда пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык өрт коопсуздук кызматына, шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине шаар аймагына ар кайсы фирмалар тарабынан алып келинген пиротехникалык каражаттардын мыйзамдуулугун, кампаларда жана соода түйүндөрүндө сакталышын, сапат жана уруксат берүү документтерин катуу көзөмөлгө алуу жагы тапшырылды.

Андан сырткары, шаардык билим берүү бөлүмүнө кышкы каникул мезгилиндеги окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүү, бул боюнча ата-энелер арасында иш алып баруу, ар кандай пиротехникалык каражаттарды пайдалануу менен окуучулардын денесинен жаракат алышынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттери жүктөлдү.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан быйылкы жаңы жыл майрамын тосуу чараларына шаар казынасынан 440 миң сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий