• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда пиротехникалык каражаттарды саткандарга рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан пиротехникалык каражаттар боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, өрт коопсуздук кызматы, ошондой эле шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин адистери чыкты. Анда шаар аймагында пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганы эскертилип, үч сатуучунун пиротехникалык каражаттары сатуудан алып салынды.

Алдыда шаар аймагында мындай рейд улантылып турат.

Пикир

Оставить комментарий