• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда предметтик олимпиаданын облустук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2020-жылы мектеп окуучулары арасында өткөн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыңкы окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, ыраазычылык кат жана Билим берүү министрлиги тарабынан жиберилген ноутбуктарды тапшырды.

Өткөн жылы облустук сынактан биринчи орунду ээлеген 17 окуучу республикалык турга жолдомо алган. Бирок ал пандемиялык абалга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Ага ылайык, Билим берүү министрлигинин олимпиадалык комиссиясынын чечими менен облустук этаптын жеңүүчүлөрүнө стимул берүү максатында ноутбуктар жиберилген.

Өкүл мамлекеттин эртеңки келечегине салым кошуучу билимдүү балдарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги чоң экенин белгилеп, ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий