• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда прокурордук чара көрүү актылардын негизинде мамлекетке 12,4 млн сом кайтарылган

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жер казынасы жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 13 прокурордук акты, 2 доо арыз келтирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 материал катталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, келтирилген прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен мамлекеттин пайдасына 12 млн 494 миң 166 сом накталай акча түрүндө кайтарылган. Ошондой эле, азыркы күндө 126 млн 620 миң 355 сомду түзгөн зыян боюнча доо арыздар соттун кароосунда турат.

Бул маалыматтар 29-сентябрда өткөн Жалал-Абад облусунун прокурору У.Ибраим уулунун жетекчилиги алдында облустагы укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин отурумунда айтылды.

Кеңешменин отурумунда облустук прокуратура органдары тарабынан 2021-жылдын ушул күнүнө чейин жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча 24 прокурордук акты келтирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 3 материал катталгандыгы маалымдалды.

Кеңешменин жыйынтыгы менен укук коргоо жана контролдоочу органдарынын жетекчилигине жеке ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузулушуна жол бербөө жагы көрсөтүлдү. Ошондой эле, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына жогорудагыдай коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча комплекстүү иш-чараларды алып баруу жагы милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий