• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда райондор аралык жана борборго эл ташыган унаалар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл ташыган унаалардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад – Бишкек, Жалал-Абад – Ош жана Жалал-Абад шаарынан облустун райондоруна каттаган кичи автобустардын ички абалы, кошумча орундуктарды орнотуп алуусу боюнча көзөмөл жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2 кичи автобустун техниканы каттоо күбөлүгүндө 19 орундуу деп көрсөтүлгөнүнө карабай 16 орундуу катары өткөрүү пунктарынан өтүп жүргөндүгү аныкталды.

ЖКККБ кызматкерлери эл ташыган айдоочуларды уйкусун кандырып жолго чыгууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырышты. Адам өмүрү баарынан кымбат экендигин белгилешип, ылдамдыкты ашырбоо керектигин катуу эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий