• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда рейддин жүрүшүндө 15 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.21 /Кабар/. 11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун аймагында 6500гө жакын кожолук, 65 мейманкана, 39 бильярд ойноочу жайлар, 50гө жакын компьютердик клубдар, 70тен ашуун диний уюмдар жана ИИОнун каттоосунда турган 600дөн ашуун атуул текшерилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында 1100дөн ашуун автоунаа текшерилип, 200дөн ашуун протоколдор түзүлүп, 30дан ашуун автоунаа айып короосуна киргизилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2 мыйзамсыз сакталган курал алынып, 15 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалган.

Пикир

Оставить комментарий