• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда республикалык “Достук” өрт-колдонмо спорту боюнча мелдеш башталды

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан уюштурулган республикалык “Достук” өрт-колдонмо спорту боюнча эки күндүк мелдеш башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчулүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюндардын ачылуу аземинин алдында Улуу Жеңиш майрамынын 77 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунун башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басарлары Сабырбек Акимбаев, Александр Гребенюктар жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков Жеңиш эс алуу башындагы өчпөс отко гүл коюшту.

Андан кийин калаадагы Курманбек стадионунда өрт-колдонмо спорту боюнча “Достук” мелдештеринин салтанаттуу ачылуу аземи орун алды. Саамалыкта ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов “Газпром Кыргызстан” компаниясынын демилгесине ызаачылылык билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Республикалык спорттук мелдештерге өлкө аймактарындагы “Газпром Кыргызстан” компаниясынын филиалдарынын жана ӨКМдин кызматкерлеринен куралган 7 команда катышууда. Алар эки күн бою өрт өчүрүү тактикалары боюнча күч сынашмакчы.

Мелдешти өткөрүүнүн эң негизги максаты – өрт коопсуздугун алдын алуу жана практикада өрттөрдү бат жана профессионалдуу түрдө өчүрүүгө даярдык болуп эсептелинет. Мындан сырткары өрт-колдонмо спортунун өнүгүүсү, өзгөчө кырдаалдарда кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий