• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда республикалык универсиада өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасындагы универсиада облустар арасынан биринчи ирет Жалал-Абад шаарында өтүп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сз кызматы билдиргендей, кечээ 13-мартта Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетте жогорку окуу жайлар арасындагы республикалык универсиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул спорттук мелдештерге ар кайсы аймактардагы 17 ЖОЖдон келишкен командалар катышууда. Жалпысынан суденттерден турган 19 команда спорттун 6 түрү – волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, бокс боюнча биринчи лигада беттешишет. Ал эми спорттун калган түрлөрү боюнча оюндар Бишкек шаарында өткөрүлүүдө. Жалпысынан универсиадада спорттун 15 түрү боюнча жарыш жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин универсиада дайыма борбор калаада гана өтүп келген. Эми ал биринчи жолу аймактардан Жалал-Абад шаарында өткөрүлүп жатат. Мындан ары универсиаданы өткөрүү аймактарга эстафета катары берилмекчи.

Уюштуруучулардын айтымында, келерки 2019-жылда Ош облусунда өткөрүү пландалган.

Эскерте кетсек, Жалал-Абаддагы универсиадалык оюндар 17-март күнү аяктайт. Буга чейин болуп өткөн универсиадаларда Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык Университетинин балдар валейбол командасы биринчи орунга, ал эми ЖАМУнун кыздардан турган тогуз коргоол командасы экинчи орунга жетишкен. Аталган республикалык спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү быйыл Россия Федерациясынын Краснодар шаарында болуучу студенттер арасындагы дүйнөлүк универсиадага катышышат.

Пикир

Оставить комментарий