• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Жалал-Абадда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турак жай секторунда жана жеке менчик уюмдарда өрттүн алдын алуу максатында Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынын өрт коопсуздук борборлорунун кызматкерлери жана Сузак, Базар-Коргон, Токтогул райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери жарандарга газ, электр жылыткычтарын жана мештерди колдонууда күнүмдүк турмушта өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, ошондой эле өрт чыккан учурда “101” жана куткаруу кызматынын “112” телефондору эскертилип, кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий