• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда өрт кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында өрт кырсыктарын алдын алуу аракеттери колго алынып жатат. Бул багытта бүгүн атайын өрттүк-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Машыгуулар шаардагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан, калаадагы ири өндүрүш ишканалардын бири болгон “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун имаратында орун алды.

Мында мекеменин кампасынан чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр 6 мүнөттө чектөөгө алып, 9 мүнөттө толугу менен өчүрүүгө жетишти. Машыгууларды ири өндүрүш ишканаларда алып баруунун негизги себеби, аталган жайлардан чыккан тилсиз жоо адам өмүрүнө жана ири өлчөмдөгү материалдык чыгымдардын жаралышына алып келет.

Көрүлүп жаткан алдын алуу аракеттеринин алкагында, мекемелердеги өрт кырсыктарына керектелүүчү каражаттарын жетишээрлик деңгээлде камдоо менен бирге кызматкерлердин кесиптик күжүрмөндүн арттыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий