• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда өрткө каршы кызматтын 95 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда өрткө каршы кызматтын 95 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июнда Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө белгиленген өрт өчүрүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ага өрткө каршы бөлүмдүн кызматкерлери, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада облус башчысынын орун басары аталган тармактын кызматкерлери ар түрдүү өрт кесепеттерин жоюу, алдын алуу менен адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарды сактоодогу эмгеги чоң экенин белгилеп, ийгилик каалады.

Маарекеге карата өрт өчүрүү кызматынын ардагерлери, мыкты кызмат өтөгөн куткаруучулар облустук жана жергиликтүү бийликтин Ардак грамоталары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий