• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда өрттөн 3 үйдүн чатыры күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.17./Кабар/. Жалал-Абад шаарында кечээ,14-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында Пионер көчөсүндөгү № 29 үйдөн өрт чыккан. Натыйжада үч үйдүн чатыры күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Өрттүн кесепетинен №29 үйдүн 158 чарчы метр, №31 үйдүн 32 чарчы метр жана Пионер тар көчөсүндөгү №2 үйдүн 42 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатырлары күйгөн.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге өрттү өчүрүү үчүн КР ӨКМнин №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 бөлүм, КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 14:48де чектөөгө алынып, саат 15:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий