• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда санитардык нормаларды сактабаган 2 миңден ашык ишкана айыпка жыгылды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда санитардык нормаларды сактабаган 2 миң 51 ишкана айыпка жыгылды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2 миң 51 ишканага жалпы суммасы 294 миң 500 сомго айыппул салынган. “Айыл башчыларына да эл чогулбашы үчүн шарт түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма бергенбиз”, - дейт ал.

Ызабеков кошумчалагандай, облуста дары-дармектер боюнча көйгөй жок.

Пикир

Оставить комментарий