• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык ишкана жабылды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык ишкана жабылды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1-майдан тарта уруксат берилген ишкердик субъектилерине рейд жүргүзүлгөн. Шаар мэри Мураталы Тагаев тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталышын, андагы белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ишканаларда кызматкерлердин аз санда экендиги, беткап менен антисептикалык каражаттар колдонулуп жатканы белгилүү болгон.

"Ал эми кээ бир жайларда эрежелер сакталбай, учурдагы кырдаалга байланыштуу коюлган талаптар аткарылган эмес. Мындай көрүнүш унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, такси кызматтарында кезикти. Мындан улам санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык жай жабылды", - деп кабарлашты мэриядан.

Калктын саламаттыгы үчүн мындай рейддер алдыда да улантылат. Уруксат берилген жайлардагы түзүлгөн шарт шаар мэринин жеке көзөмөлүндө болот.

Эскерте кетсек, 1-майдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарында жалпы 83 ишкердик субъектисине уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий