• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда санитардык талаптарга жооп бербеген 6 кафе убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарга жооп бербеген 6 кафе убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, шаарда кафе жана тамактануучу жайлар тарабынан санитардык талаптарды аткаруусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Шаардын вице-мэри Болот Узакбаев башында турган атайын комиссия кафе, чайкана жана башка тамактануучу жайларды текшеришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 6 кафе убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий