• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда "Сапаттуу жазалы" акциясы өткөрүлүп жатат

Аймак 0

БИШКЕК, 25.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканаларынын кызмактерлеринин арасында кыргыз тилиндеги иш кагаздары канчалык деңгээлде туура жазылып жаткандыгын билүү максатында "Сапаттуу жазалы" акциясы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак жалпы мекеме-ишканалар арасында өткөрүлүп, сынактын максаты кыргыз тилин өнүктүрүү жана жалпы иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүүгө багытталган.

КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Үпөл Асаналиеванын айтымында, шаар аймагындагы мекеме-ишканаларда иш кагаздары менен иштеген тиешелүү адистер чакырылган.

“Акцияга 50дөй кызматкер келип катышышты. Биз бул акция менен гана чектелбестен ар тараптуу башка да иш-чараларды уюштурабыз. Муну менен биз жергиликтүү бийликтерде иштеген кызматкерлердин мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде канчалык деңгээлде даярдап жатышканын билебиз”, - дейт ал.

Акция мындан ары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында жат жазуу алуу менен улантылат. Жыйынтыгы 23-сентябрда бегиленүүчү мамлекеттик тил майрамына карата чыгарылып, өзгөчөлөнгөндөргө атайын баалуу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий