• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда сарайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда сарайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-август күнү саат 11:11де Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда жайгашкан 2 кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 2320 чарчы метр чатыры, 2000 түк чөп жана 6000 түк саман күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:19да өрт чектөөгө алынып, саат 00:08де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий