• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-июнда түндө жааган катуу жамгырдан улам Гуруч участкасындагы дамбанын жээги жарылып, Чаңгыр-Таш жана Калинин айылындагы 50дөн ашуун турак жайды суу каптаган.

Сел суулары ошондой эле эки мектептин жана ооруканын короолоруна да кирген. Сузак - Кара-Дарыя унаа жолунун алтынчы чакырымына кум аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылган.

Сел жүргөн айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылып, тазалоо иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Сузак - Кара-Дарыя унаа жолун тазалоо үчүн техники тартылып, саат 23:30да жол ачылган.

Пикир

Оставить комментарий