• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11-май күнү саат 22:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын айылындагы Кожо-Ата дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 17-чакырымында көпүрөнүн жээктерин жууп кетип, авариялык абалга келтирилген (атайын белгилери орнотулуп, көпүрө жабылган) жана Жол-Сай айылындагы ички чарбалык көпүрөнүн жээктерин жууп кетип авариялык абалга келтирилген, көпүрө аркылуу жол жабылган.

Бүгүн жеринде тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чараларын улантуу максатында №12 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Пикир

Оставить комментарий