• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда селсаяктарга карата рейд жүрдү

Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында башпаанексиз жүргөн селсаяктарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд калаа башчысы мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен өтүп, рейд учурунда 20дан ашык мас абалында жүргөн жаран аныкталды.

Белгиленгендей, селсаяктардын көпчүлүгү Жалал-Абад шаарына башка район-шаарлардан келгени белгилүү болду.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мас абалында коомдук жайда жүргөн жарандардын өздүгүн тактап, жашаган даректерине жеткиришти.

Ошондой эле коомдук жайларда жарандар үчүн ыңгайсыздык жаратып, тилемчилик менен алектенген жарандар да үйлөрүнө жеткирилди. Алдыда мындай рейддер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий