• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Сербиядан байгелүү кайткан спортчулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Белградда өткөн «ISF U 15 World School Sport Games» дүйнөлүк мектеп спорт оюндарынан байгелүү кайткан спортчулар сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сербиянын Белгард шаарында өткөн 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк мектеп спорт оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште, Орозбек Абдыбасиев 44 кг, Билал Хуриллаев 38 кг салмакта 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган.

Спортчулар менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев, шаардык кеңештин төрагасы Исакжан Урмарахунов жолугуп, белектерди тапшырып, спорт тармагынын өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн спортчуларды ийгилиги менен куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий