• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда шаар бийлиги жаш ишкерлерге сый көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Жалал-Абадда “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” (ЖИА) мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны өтүп, жалпы экономика, бизнес, каржы, ошондой эле жаңы бизнес башталыштар боюнча кеңири талкуу болду жана ассоциациянын башкаруу органдарынын жаңы курамы шайланды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага ЖИАнын мүчөлөрүнөн сырткары жергиликтүү бийлик жана коомчулук өкүлдөрү да катышышты.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров жеке ишкерлерге ийгилик каалап, шаардын экономикасынын алга жылуусуна чоң салым кошуп жаткан алдыңкы ишкерлерге мэриянын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

"Биз билгендей, 20-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк ишкерлердин күнү. Сиздер мамлекетибиздин, коомубуздун алга жылышына чоң салым кошуп келе жатасыздар. Баарыңыздардын башыңыздарды бириктирип турган “Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациянына” ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандын бардык областтарындагы ЖИА кеңселери бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп келесиздер. Ишиңиздерди ар убак ийгиликтер коштосун",-деди ал.

Эске сала кетсек, ЖИАнын Жалал-Абаддагы кеңсеси 2013-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 80 ишкерге ар кандай колдоо, кызмат көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий