• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда шаарындагы тигүү цехтеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 27-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр жай, соода, айыл чарба жана байланыш боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү тиешелүү адистер менен биргеликте шаардагы тигүү цехтеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кыдыруу учурунда "Баяна стиль”, “Нур и Ко”, “Чебер” тигүү цехтеринде жана “ Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунда болушту. Өнөр жай тармагы маанилүү тармактардын бири экендигине карабай, учурда тигүү цехтеринде жумуштун жай жүрүп жатканына күбө болушту.

Эл өкүлдөрү ишкерлердин көйгөйлөрүн жеринде угуу менен бирге, бул тармакты өстүрүү боюнча сунуш-пикирлерин беришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жеңил өнөр жай тармагы боюнча 80ден ашуун жеке ишкана ишмердүүлүк жүргүзүп, 300дөн ашуун жумушчу орундары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий