• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында шайлоого даярдык текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында КР Жогорку Кеңешине шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штаб өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэрлер, калаадагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 25 аймактык шайлоо тилкелеринин төрага, төрайымдары катышты.

Алгач шаар башчысы калаадагы 25 аймактык шайлоо тилкелерине жооптуу катары бекитилген төрага, төрайымдардан шайлоого даярдыгы, андагы жылытуу системалары тууралуу маалыматтарды сурады.

Шаар башчысы Эрнисбек Ормоков шайлоону таза өткөрүү, керектүү техникалар менен камсыздоо, байкоочуларга бирдей шарттарды жаратуу, добуштарды сатып алууга жол бербөө, коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын укугу менен эркиндигин камсыздоо, майыптыгы бар жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталуусу боюнча бардык талаптарды аткарууга чакырды.

Мэр мындан сырткары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашпоосун дагы бир ирет эскертти.

Учурда Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо тилкеси бар.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий