• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда шайлоого карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Саптык кароого Жалал-Абад облусундагы күч түзүмдөрүнүн кызматкелери жана жетекчилери катышты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашим Тагаев өздүк курамдын шайлоого карата даярдыгын текшерип, шайлоо тилкелеринде татыктуу кызмат өтөөгө чакырды.

Ички иштер органдарында көп жылдардан бери эмгектенип, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөндөргө жана ок атуу боюнча чемпионатта байгелүү орундарды камсыз кылгандарга медаль жана ардак грамоталар тапшырылды.

Өздүк курам жана техникалар салтанаттуу жүрүштөн өтүп, кызматкерлер кызмат өтөөчү шайлоо тилкелери менен тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий