• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда сибирь жарасына шектелип 7 адам ооруканага жаткырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Жүзүм-Жан айылынан 7 адам сибирь жарасына (күйдүргү) шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар сибирь жарасы менен ооруган уй этин бөлүшүп алгандыгы аныкталды. “Уйдун эти 12 үй-бүлөгө бөлүнгөн. Учурда ал этти жеген 41 адам аныкталды. Алардын ичинде ар кандай курактагы балдар, аял жана эркек кишилер бар”, - деди ал.

Бектурдиев белгилегендей, жеринде эпидемиолог, санитардык кызматкерлер жана башка адистер иш алып барууда.

“Жергиликтүү калк арасында санитардык коопсуздукту күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ооруканага жаткырылган бир бейтаптын диагнозу лабораториялык анализдер аркылуу тастыкталды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Алар стационардык дарыланууда” , - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий