• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда сот жашы жете элек кызды зордуктаган адамды 20 жылга кести

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык соту 20-мартта жашы жете элек кызды зордуктаган А.У. аттуу жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад шаардык ИИБине шаар тургуну А.У. деген жаран анын беш жашар кызын уурдап кетип, зордуктаганы тууралуу кайрылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизанын бүтүмүно ылайык, зордуктоо фактысы аныкталган. Тергөө чараларынын жүрүшүндө А.У. күнөөсү толук бойдон далилденди.

2018-жылдын 11-январында бул кылмыш иши Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын жетекчилигинин айыптоо бүтүмү менен соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Ишти кароонун жыйынтыктары боюнча сот А.У. КР КК 129-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган (жашы жете электерге карата жасалган зордуктоо) кылмышты жасоого күнөөлүү катары таанып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка 20 жылга эркинен ажыратуу жазасын берген.

Белгилей кетсек, жабырлануучу катары жашы жете электер каралган кылмыш иштери прокуратура органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий