• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда социалдык объектилер 100 пайыз кышка даяр — өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда облустун билим берүү тармагынын 771-объектисинин жылытуу системалары 100 пайызга даяр. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жергиликтүү органдар аркылуу 10 мектептин жылытуу системасы көмүргө өткөрүлүп, дагы 5 мектепте жумуштар жүрүүдө.

Облустун билим берүү объектилерине жалпысынан 16 миң 422 тонна көмүр камдоо керек болсо, 16 миң 507 тонна көмүр ташылып. Жумуштар 100,5 пайызга аткарылды.

Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында жалпы 624 отканасы толук иштеп, жылуулук берүүдө. Саламаттык сактоо объектилерине 2937,6 тонна көмүр камдоо керек болсо, коюлган тапшырма 100 пайызга аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий