• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандар жер тилкелерине ээ болушту

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын бузулушу аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Алсак, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган райондун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы аянты 0,15 га болгон жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы такталып, айылдын тургундары эч кандай документтери жок эле аны уруксатсыз пайдаланып келишкендиги белгилүү болгон.

Бул мыйзам бузуу боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, анын негизинде жер тилкеси аталган айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.

Ошондой эле көзөмөл органы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана тоголок жетим балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап келтирилген.

Прокурордук талапты аткаруу үчүн 0,15 га жер тилкеси экиге бөлүнүп, аталган айылдын тургундары тоголок жетим Б.Т. уулуна 0,075 га., жана 1-топтогу майып Т.Ф.М.нын жеке менчигине 0,075 га. жер тилкеси өткөрүлүп берилип, аларга “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди.

Пикир

Оставить комментарий