• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда өспүрүм кокустан өзүнүн агасын атып алды

Кырсык 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда өспүрүм кокустан аталаш агасын атып алган. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, окуя 13-июнда кечке маал, Жаңы-Акман айылында болгон. Балдар короодо ойноп жатышып, сарайга кирип, ал жактан мылтык таап алышкан. 13 жашар мектеп окуучусу 11 жаштагы инисин кокустан атып алган. Ок анын жамбашына тийип, мектеп окуучусу тез жардам келгенче, кансырап калганына байланыштуу көз жумган.

Учурда “Курал сактоодо шалаакылык мамиле кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий