• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда “Өспүрүмдүн өмүрү - мен үчүн кымбат” аталышындагы иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Өспүрүм өмүрү - мен үчүн кымбат” аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, дарыгерлер, казыяттын өкүлдөрү жана аймактык башкаруулардын башчылары катышты.

Тегерек столдо өспүрүмдөрдүн эрте турмуш куруусунун жана эрте бойго бүтүүнүн алдын алуу, кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдар, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок өспүрүмдөр, зордук-зомбулукка кабылган балдарга психологиялык, укуктук, медициналык жана социалдык жардамдарды көрсөтүүдө, ыкчам жана тыгыз байланышта иш алып баруу жагы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий