• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында окуучуларга түшүндүрүү иши жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында “Балдарды үйдө, мектепте, коомдук жайларда зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу жана коргоо” деп аталган иш-чара өттү.

Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү тармактардын кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты. Анда өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук, кылмыштуулуктун алдын алуу жолдору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий