• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн түнкү жүрүм-туруму көзөмөлгө алынууда

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы ар түрдүү кылмыштуулуктардын жана зордук-зомбулуктардын алдын алуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдүн түнкү жүрүм-турумдары да көзөмөлгө алынууда.

Калаада өткөрүлгөн түнкү рейдге, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп мугалимдери катышты. Түзүлгөн топ шаар көчөлөрүндө, түнкү эс алуу жайларында жана интернет клубдарда кыдырууларды жүргүздү. Натыйжада аталган жайларда түнкү саат 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун жөнгө салуу багытындагы иш аракеттер дагы да улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 18 жашка чейинки 31 миң 108 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

Пикир

Оставить комментарий