• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда спортто ийгиликке жеткен “Шумкар” полкунун кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында спортто ийгилик жараткан КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 4 кызматкери сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 5-8-август күндөрү В.Гордеевдин жаркын элесине арналып Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн күжүрмөн самбо боюнча XXXIV эл аралык мелдеште 1-2-3-орундарды камсыздашкан.

Сыйлык ээлерин Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Кеңешбек Рахманов куттуктап, мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий