• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жол айылында Чаткал дарыясына 6 жашар Ж.А. аттуу бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 12 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Саат 16:45те маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Пикир

Оставить комментарий