• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда сууга чөгүүлөрдү алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендеЙ, Сузак райондук жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрү тарабынан ата-энелерге, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген аймактарга эскертүү тактайчаларын орноштуруу жумуштары уланууда. Милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлсүз калтырбоого чакырат.

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга багытталган атайын видеоролик да даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий