• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу боюнча милициянын көчмө кабылдамасы менен кызматкерлер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте шаар аймагындагы бассейндерди кыдырышты. Бассейндин терең жактарына жаш өспүрүмдөрдү түшүрбөө, коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле куткаруучулар жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарылдыгы белгиленди.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан “Бачок”, “Үч-Жаңгак”, “Салкын-Төр” сууга түшүүчү эс алуу жайларынын жана бассейндердин ээлерине коопсуздук чараларын күчөтүүнү эскертишти. Дарыя бойлой сууга түшүүгө кооптуу делген участокторго эскертүү тактайчалары орнотулду. Милиция кызматкерлери сууга түшүү боюнча тейлеген аймактарында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Суу кырсыктарына бөгөт коюу максатында Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери да профилактикалык жумуштарын улантууда. Тийиштүү кызмат адамдары менен биргеликте эл көп топтолгон жайларда эскертүү иретинде маалыматтар жеткирилүүдө. Шаар аймагын аралап өткөн дарыяга сууга түшкөндөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу кырсыктарынан алыс болуу керектиги айтылууда.

Эскерте кетсек Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга багытталган видеоролик да даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий