• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда сууга кулаган чек арачы изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда сууга кулаган аскер жоокери изделүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, окуя 19-июль күнү болуп, жоокер Чаткал районундагы Найза-Сай жеринде шар аккан Ак-Булак суусуна түшүп кеткен. Ал Б.Н.у аттуу контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер болгон.

Бул тууралуу Аскердик прокуратурага билдирилген.

Издөө иштери жүрүп, ага Өзбекстандын чек ара жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көмөктөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий