• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда түндө эки унаа кагышып, жети адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-мартта саат 01:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктан 7 адам каза болуп, дагы алты киши жабыркаган. "Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий