• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда түнкү рейд жүрүп, 6 унаа айып короого токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Жалал-Абадда “Түнкү автоунаа” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 3 айдоочуга унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн протоколдор толтурулду. 12 айдоочу коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарып бараткандыгы аныкталды. 8 айдоочуга жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн айыппулдар салынды.

Тиешелүү документтери жок унаа айдагандыгы үчүн 6 айдоочуга протокол толтурулуп, унаалары айып короосуна токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий