• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда түнкүсүн ата-энесинин көзөмөлү жок жүргөн өспүрүмдөргө рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында түнкү убакта ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн балдарды аныктоо жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаар аймагындагы эс алуучу жайлар, кафе-ресторан, компьютердик клубдар, жарамазан айтып көчөдө жүргөндөр да текшерүүгө алынды.

Рейддин жүрүшүндө 20 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине жана балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий