• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жүргүнчү ташып кызмат көрсөткөн таксисттерге жол акысын жогорулатпоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге жол кайгуул кызматынын, монополияны жөнгө салуу агенттигинин, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, салык кызматынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү чыкты.

Тийиштүү тармактар бааны жогорулатпоо талабын коюп, патент менен иштөөнү эскертишти.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым жарандар тарабынан такси кызматтары жол акысын кымбаттатып алганы айтылган. Буга ылайык шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев жооптуу мекемелердин жетекчилерине жагдайды жөнгө салуу боюнча сунуш көтөргөн.

Пикир

Оставить комментарий