• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда талаптарды сактабаган 263 ишканага акт түзүлдү - Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда талаптарды сактабаган 263 ишканага акт түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн мобилдик топтор тарабынан 77 миң 925 турак үй текшерилип, 393 миң 576 адам медкөзөмөлдөн өткөн.

“Санэпидкөзөмөл департаментинин алдында түзүлгөн топтор мамлекет тарабынан уруксат берилген мекеме-уюмдар канчалык деңгээлде талаптарды аткарып жатканын текшерүүдө. Санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн 327 ишканага эскертүүлөр берилди. Ошондой эле 263 ишканага акт түзүлгөн жана 57 мекемеге айыппул салынды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий