• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда танк биатлонунда чемпион болгон жоокерлер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда өткөн "Танк биатлону — 2021" жарышында өлкөнүн намысын коргоп, чемпион болгон жоокерлер сыйланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад олусундагы өкүлчулүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке катышкан аталган жоокерлер Ала-Бука районундагы 30670 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери.

Бүгүн аскер кызматкерлерин район акими Нурбек Сатаров баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери салтанаттуу тосуп алып, жетишкен ийгиликтери менен куттукташты.

Район башчысы Нурбек Сатаров жоокерлер танк биатлону мелдешинде дүйнөгө дагы бир ирет Кыргыз армиясынын дараметин көрсөткөнүн белгилеп, аларга ден соолук, иштерине ийгилик каалап, администрациянын жана Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы жана белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий