• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Ташкенттеги чемпионатта күмүш тагынган Нурадин Рустамбек уулун тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатына катышып, 72 килограмм салмактагылар арасында күмүш медалга ээ болгон Нурадин Рустамбек уулун тосуп алышты.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, спортчуну тосуп алуу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышып, Нурадин Рустамбек уулун ийгилиги менен куттуктады.

"Өкүл спортчунун ата-энесине жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди. Өлкөнүн намысын коргоп, жаш муундарга үлгү болуп келе жаткан спортчуларды ар дайым колдоого алаарын кошумчалады", - деп айтылат билдирүүдө.

Нурадин Рустамбек уулу Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгып келет.

Пикир

Оставить комментарий